Мирлан Жеенчороев: Адилеттүүлүк, коопсуздук жана люстрация

26.11.2021, 11:00 Акчабар
Мирлан Жеенчороев: Адилеттүүлүк, коопсуздук жана люстрация

Бүгүнкү күндө сот жана укук коргоо тармагы эң коррупциялашкан органдардын бири экени эч кимге жашыруун эмес. Таза сот системасын түзбөй туруп бир дагы реформа жүргүзүү мүмкүн эмес. Бул тууралуу “Альянс” партиясынын талапкери Мирлан Жеенчороев айтты.

Ал “Альянс” партиясы Парламентке шайланып келсе, сот жана укук коргоо органдарына болгон ишеним кайтарыла турганын баса белгиледи.

“Буйрутма иштерди аткарып, системага көө жапкан сотторду, тергөөчүлөрдү жоопкерчиликке тартууга, люстрация жүргүзүүгө биздин партиянын эрки жана кудурети жетет. Сотторду тандоо кеңешин тандоону жана көрсөтүү тартибин өзгөртөбүз. Биздин белдүү талапкерлерибиз бийликтин бардык бутагын элдин убалынан коркпогон зыянкечтерден тазалап, темирдей тартип орнотобуз. Мына, сот адилеттиги жок, буйрутма менен иштеген прокурорлор, тергөөчүлөр элди сазга батырып жүрөт. Кылмыштарга аралашып, мыйзамдаштырып, аларды ишке ашырууга жол ачкан соттор бар. Адилеттүүлүк, акыйкаттык андай соттор менен орнобойт. Биз мыйзамга баш ийген адамдарды бийлик бутактарына алып келебиз. А бизге сиздердин жардамыңыздар керек. Элдин колдоосу менен гана ал максаттарыбыз ишке ашат”, – деди Жеенчороев.

Альянс №3 Бир күч!

Мирлан Жеенчороев №1

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1. Нускасы: 1 даана. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. 26-ноябрь, 2021-жыл.

Тэги: Мирлан Жеенчороев альянс Шайлоо ЖК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу