Мирлан Жекшенов Кара-Балта шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мындай чечим административдик-аймактык реформаны жүргүзүү жөнүндө токтомга ылайык кабыл алынды.