«Мобильник» кардарларына акча кайтарылбашы мүмкүн

27.02.2019, 14:29 Акчабар
«Мобильник» кардарларына акча кайтарылбашы мүмкүн

 «Мобильник» $230 миң каражатты чыгарышкан. Бул тууралуу kaktus.media команиянын негиздөөчүлөрүнүн биринин адвокатына таянып жазып чыкты.

«Мобильник» компаниясынын жетекчилиги  ОсОО  кайра каттоо мамлекеттик ишканасына доо арыз менен кайрылып, баштапкы капиталынын көлөмүнүн азайышына арызданышкан. Документтер Кыргызстандын бир нече мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн. 

«Мыйзамга ылайык,  «Мобильник» компаниясы баштапкы капиталынын көлөмү азайгандыгы тууралуу баардык кредиторлорго кабарлоосу зарыл болчу.Анткени, ЖЧК калыптанган баштапкы капиталдын негизинде жоопкерчилик ала алат.  Ошондуктан,  «Мобильник» команиясы баардык кардарларга акчаларын кайтарып берүү кудурети жок болуп, жогорку тобокелдик жаралууда» — билдирет маалымат булагы.

 «Мобильник» команиясы  элге, уюмдарга, агентстволор менен банктарга миллион сом карызга баткан.

«Буга карабай 2019-жылы 19- февралда «Мобильник» команиясынын эсебинен «Оптима Банк»  $230  миң акча которруну  Дубайдагы «Ареа» жасаган. Которууну 16 транзакцияга бөлүп,  1 млн сомдон мыйзамдуу которуу сыяктуу операция жасашкан. Бул акча которуунун жалпы суммасы  банктын уюштуруу жыйынын жалпы макулдугу  менен жасалууга тийш болгон. Бирок, ал жасалган эмес» —деп кабарлайт kaktus.media.

Эсептик операция үчүнчү жак менен жасалып, ал Казахстандын территориясында электрондук ачкыч аркылуу  жүргүзгөн.

«Мобильник» компаниясынын уюштуруучуларынын биринин адвокаты бул комания КР ишмердигин токтотуп, кардарлары уюмдарга, банктарга жана элге болгон карыздарын төлөбөй кетиши ыктымаал деп кооптонду.Ошондуктан, ал аларды тез арада сотко кайрылууга чакырды. 

«Акыркы күндөрү  «Мобильник» компаниясына таандык терминалдар соода түйүндөрүнөн чогултулуп, бир кампага жыйналууда. Демек, аны аларды жакын арада арзан баада сатуу жасалышы ыктымал.  Бул аракеттер миңдеген адамдарга залакасын тийгизип, кызмат көрсөткөн команияларга, банктарга жана элге чыгым алып келип, төлөм рыногуна сокку болот. Жабыр тарткандар акчаларын кайтарып алуу үчүн тез арада сотко кайрылуусу зарыл»— деп жазат басылма.

Тэги: финансовые махинации Мобильник

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу