Боотаев кардарлардын төлөмүнө жасалма тоскоолук - жасаган деп билдирди «Мобильник» жетекчилиги

01.03.2019, 14:49 Акчабар
Боотаев кардарлардын төлөмүнө жасалма тоскоолук - жасаган деп билдирди «Мобильник» жетекчилиги

 Ареа Plus DMCC команиясынын жетекчиси, былтыр «Мобильник» компаниясын сатып алышкан. Алар кырдаал боюнча өз версиясын билдиришти. 

Эскерте кетели, февралдын башында  «Мобильник.Деньги» электрондук капчыгынын кардарлары  кызмат иштебей жатат деп арызданышкан. Төлөмдөр  дарегине жетпей жатканы айтылып, андагы төлөмдү кайра нак акчага айландыруу  мүмкүн болбой келген. 

 

« Ареа Plus DMCC Эл аралык куомпаниясы  Эл аралык Өнүктүрүү институ менен  (IFC)  жана кыргыз өнөктөктөштөр биргеликте  Евразиялык  экономикалык Бирликтин алкагында банк системасына эл аралык оюнчуну  $1 млрд  капиталы менен кошууну пландап жатышкан. Алар анынын базасы катары «Мобильник» жана  «Объединенная система моментальных платежей» (ОСМП) – тандагандыгын айтышкан .

Бирок, пландар Боотаевдердин бүлөсүнүн айынан ишке ашпай калган деп билдирип чыкты «Мобильник» команиясынын жетекчилиги. Алардын версиясы боюнча,  Боотаевдин үй-бүлөсү  «АсисНур» жана «Бугу.Апп» жалган компанияларын түзүп, ага өнөктөштөргө кабарлабай туруп, «Мобильник» компаниясынын  кызматкерлери  жана программалык камсыздоо толугу менен өтүп кеткен.

«Программалык  софтту көзөмөлгө алган «АсисНур» компаниясы   «Мобильник»  системасына жасалма тоскоолук кылып, кыргызстандыктар жасаган төлөмдөр  толук аткарылбай, социалдык  дестабилизация жана  массалык нааразычылык  «Мобильник» системасына күчөгөн. Жогорудагы аракеттер  бир нече адамдарга залакасын тийгизип, банк тутумундагы өз ара төлөмдөргө зыян алып келип, электрондук капчыктарга болгон ишенимди жоготууга алып келет»– деп жазылган кайрылууда.

 Адилет Боотаев мындай кадамдары менен токтоп калбастан, туугандары менен биргеликте  «ОСМП» команиясына дагы жогорудагыдай аракет жасайын деген. Бирок, эл аралык программалоонун коргоо системасына жана эл аралык уюмдун коргоо протоколуна ылайык, алар ойлогон  ой ишке ашкан эмес. 

«Системага көзөмөлдү ала албаган соң,  Адилет Боотаев менен  Гульнара Каликованын тууганы  Эркин Аюпов (компаниянын миноритардуу ээси) «ОСМП» операторун иштен чыгарууга аракет жасайт. Ал ойлонулуп чыккан жана жалган мотив менен   Финансы полициясына арыз берет. Анда ал «ОСМП»  инвесторлору тарабынан зыян келтирилип, андан улам компания 3.1 млн сомго арзандаган  деп жазып, доогер катары  787 миң сомго зыян тартканын билдирген. Бирок, бирдагы расмий эсептөө, эксперттердин балоо боюнча документтери көрсөтүлгөн эмес.  Эл аралык инвесторлор  «ОСМП» компаниясына 30 млн сом инвестиция кылганы доогер тарабынан эске алынбай келет» – деп жарыялады «Мобильник» компаниясынын жетекчилиги .

 

Кыргызстанда баардык банктарда  бир гана доогердин арызынан улам, «ОСМП» команиясынын эсептери, финансы полициясы тарабынан камоого алындыбы такталууда.  

«Финансы полициясынын мыйзамсыз аракетинен улам,   21 млн сомдон жогору жөнөкөй кыргызстандык жарандардын каражаттарын өздөру кайра кайтара албай убара. ,Ошентип, кайрадан социалдык конфликке жол ачып, кайрадан өлкөнүн финансы рыногун шал кылууга алып келүүдө.   Ошентип, Финполиция жеке адамдардын кызыкчылыгын колдоо менен төлөм системасындагы атаандаштардан кутултуп, аны бир гана колго жыйнап берүү  мененен алек» –деп баса белгиленген кайрылууда. 

Тэги: Мобильник электронные кошельки

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу