«Мобильник» менен болгон абал бизге сабак болду. Биз эми талаптарды күчөтөбүз деди Абдыгулов

26.02.2019, 12:57 Акчабар
«Мобильник» менен болгон абал бизге сабак болду. Биз эми талаптарды күчөтөбүз деди Абдыгулов

Кыргызстандын Улуттук Банкынын төрагасы Толкунбек Абдыгулов финансыны жөнгө салуучунун позициясында «Мобильник» төлөм системасы менен болгон жагдайын түшүндүрүп берди.

««Мобильник» менен болгон жагдай көрсөткөндөй,  Улуттук банк үчүнү жактарга карата төлөм жасоодогу көзөмөлдөө менен  кошумча коргоо механизиминде азырынча каатал эмместиги байкалды»— деп билдирди.

 

Улуттук банктын башчысы  финансыны жөнгө салуучу менен  «Мобильник» команиясы үчүнчү жактын пайдасына төлөм жасаганын жарыялады. 

« Электроэнергия, коммуналдык кызматтар, уюлдук байланыш жана башка төлөмдөр жасалды.  Болгону  чарбалык  субъектилер арасында эсептөөлөр жасалышы керек. Менимче, бул милдеттер дагы толугу менен аткарылат. Түшүнүү менен кабыл алуу керек, укук коргоо органдары аралашкандыктан, «Мобильник» өз милдеттерин аткара албай калды», —деп түшүндүрдү ал.

Абдыгуловдун айтымына таянсак, жакынкы арада үчүнчү жактардын пайдасына төлөм жасоо боюнча Улуттук банк айрым нормативдик-ченемдик актыларды күчөтүү боюнча өзгөрүүлөр жасаларын билдирди. 

«Бул жагдай бизге сабак болду», — деп айтты ал.

КР Улуттук банкынын төрагасы «Мобильник» төлөм системасынын лицензиясы токтотулганын кошумчалады.

«Эгерде комания өз милдеттерин аткара албаса,  анда кантип андан ары иштеши керек? Лицензиясын токтотуу бул мезгил аралыгындагы чара болуп саналат. Компания оз ишмердигин калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эгер алар буга чейинки карыздарын төлөшсө, анда алар мыйзамдардын негизинде  иштеп кетсе болот. Анда, уруксат берүү жаңыртылат»— деп жыйынтыктады Абдыгулов.

Тэги: Толкунбек Абдыгулов Нацбанк Мобильник

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу