"О" уюлдук операторуна жалган жарнама үчүн айып салынды

03.10.2022, 14:29 Акчабар
"О" уюлдук операторуна жалган жарнама үчүн айып салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы “Нур Телеком” (“О” уюлдук оператору) компаниясына жалган жарнама тараткандыгы үчүн 65 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу аталган кызматтын сайтында маалымдалды. 

“Алар жарыялаган жарнамага ылайык, “О” TV тиркемеси UFC 275 спорттук беттешин Setanta Sports 1 каналында, атап айтканда, Валентина Шевченко менен Тайла Сантостун ортосундагы кечки беттешти Premium пакетине кошулган шартта түз эфирде көрсөтмөк. Беттешти көрүү үчүн элдер Premium пакетине кошулган, бирок беттеш көрсөтүлгөн убакытта болгон жок”, - деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда жарнама расмий түрдө мобилдик оператордун Instagram социалдык баракчасына жарыяланган. 

Тэги: мобильный оператор Нуртелеком оператор О новости Кыргызстана

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу