«Манас» эпосунун 1000 жылдыгы» монетасы 180,5 миң сомго сатылды

25.04.2023, 08:47 Акчабар
«Манас» эпосунун 1000 жылдыгы» монетасы 180,5 миң сомго сатылды

Ушул жылдын 20-апрелинде Кыргызстандын Улуттук банкы улуттук валюта – сомдун 30 жылдык өнүгүү мезгилинде чыгарылган нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча аукцион өткөрдү.

Аукцион улуттук валютанын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына карата уюштурулган. Аукционго жалпысынан 80 коллекциялык алтын, күмүш жана жез-никель монеталары, эстелик банкноттор жана жүгүртүүдөгү монеталардын комплекттери коюлган.

"Аукцион нумизматтардын Улуттук банктын сейрек кездешүүчү коллекциялык монеталарына болгон суроо-талабын канааттандыруу максатында өткөрүлдү. Аукционго 25 катышуучу катталып, 30 лотто коюлган бардык нумизматикалык баалуулуктар сатылды", — деп билдирди Улуттук банк.

Лоттордун жалпы баштапкы баасы 857,7 миң сомду түзсө, аукциондо нумизматикалык баалуулуктарды сатуунун суммасы 1 млн 139 миң сомду түздү.

"Эң жогорку баа "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы" алтын монетасына сунушталып, баштапкы баасы 94 миң сомдон 180,5 миң сомго сатылды. Күмүш монеталардын эң жогорку баасы "Эл аралык тоо жылы" сериясындагы "Архар" жана "Ташрабат" күмүш монеталарынын 8-лоту боюнча – 16,6 миң сом баштапкы баасы менен 42,1 миң сом сунушталды", — деп белгилейт Улуттук банк.

Улуттук банк өткөргөн аукциондун жыйынтыгы Кыргызстандын эксклюзивдүү коллекциялык монеталарына нумизматтардын жана коллекционерлердин кызыгуусу артканын көрсөтүп турат.

Тэги: новости Кыргызстана монета нумизматы аукцион НБ КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу