Монголия Кыргызстандан жашылча-жемиштерди алып келүүгө кызыктар. Бул тууралуу Садыр Жапаров менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусунда талкууланды.
Маалыматка ылайык, Монголиянын президенти Кыргызстандын жашылча-жемиштери экологиялык жактан таза жана сапаттуу экенин белгилеп, Монголия бул азыктарды өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды түзүү маселесин изилдөөгө даяр экенин билдирди.
“Мындай ишканалар соода-экономикалык кызматташтыктын өсүшүнө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелеринин кеңейишине салым кошот”, - деп билдирет Ухнаагийн Хурелсухтун басма сөз кызматы.