Монополияга каршы күрөшүү кызматы нефтетрейдерлер менен жолукту

31.05.2023, 10:41 Акчабар
Монополияга каршы күрөшүү кызматы нефтетрейдерлер менен жолукту

Орусиянын дүң соода тармагында күйүүчү- майлоочу майга баанын өзгөрүшүнө байланыштуу Кыргызстандын Монополияга каршы кызматы нефтетрейдерлер менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Жыйынга “РН-Кыргызнефтепродукт” ЖАК, “Газпромнефть-Азия” ЖЧК, “Альфа Ойл” ЖЧК, “Партнер Нефть” ЖЧК, “ШНОС” ЖЧК жана “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. 

Жыйынтыгында иш-чаралардын комплекси иштелип чыгып, Экономика жана соода министрлигине сунуштар жөнөтүлдү. 

Мындан тышкары, күйүүчү май менен камсыздоочулар менен керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылуу максатында нефтетрейдерлерге төмөндөгү сунуштар берилди:

  • "Атаандаштык жөнүндө" Кыргызстандын мыйзамынын талаптарын так аткаруу;
  • Кыргызстандын ички рыногундагы кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүү;
  • күйүүчү-майлоочу майга баанын кескин көтөрүлүшүнө жол бербөө;
  • Кызматтын суроо-талаптарына тезирээк жооп берүүгө;
  • рынокту толтуруу жана мунай продуктыларынын тартыштыгынын пайда болушуна жол бербөө;
  • үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын зарыл запастарын камсыз кылууга;
  • май куюучу жайларда аз толтурууну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу