2019-жылдын 10 ай ичинде МСК 66 млрд 500 млн сом салык чогулткан. 3 млрд 685 млн сомго кем болгон. Бул тууралуу МСК башчысы Кабыл Абдалиев ЖК жыйынында билдирди.
Анын айтымында, ноябрь айында 7 млрд сомго жакын салык чогултулат. Эки айдын планы 22,5 млрд сомду түзөт. Кошумча наркка болгон баа менен акциз 7,4 млрд сомго азайышы мүмкүн.
Бирок, ноябрь айында МСК 7 млрд сом, декабрь айында 8 млрд сом салык чогулса, калган 11 млрд сомду чогултууга физикалык жактан күч жетпесин Абдалиев билдирди.