Абылгазиев: Чет элдик түз инвестициянын агымы 60% түздү

09.10.2019, 10:35 Акчабар
Абылгазиев: Чет элдик түз инвестициянын агымы 60% түздү

Өкмөт башчы Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынын ачып жатып, ишкерликти колдоо жаатында көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Ал жыйынындын катышуучуларынын көңүлүн жылдын башында  аймактарга инвестиция алып келген бизнести, ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизилгенине, аларга олуттуу салыктык жеңилдиктер берилгенине, социалдык которууларды башкарууну КР  Социалдык фондунан салык кызматына өткөрүп берүү иши жыйынтыкталганына, бизнес-акыйкатчы институ иштеп баштаганына бурду.

«Ушул жана башкалар алгачкы натыйжаларын көрсөтө баштады. 2018-жылдын жыйынтыгы менен чет элдик түз инвестициянын агымы 40 % көбөйдү. 2019-жылдын биринчи алты айынын жыйынтыгы менен жогорулоо көрсөткүчү 60% түздү. Тышкы соода балансынын дефицити 450 млн АКШ долларына кыскарды. Ишкерлер үчүн ишкердик чөйрөнү жакшыртуу боюнча реформа жүргүзүүдө прогресс көрсөткөнү үчүн Бүткүл дүйнөлүк банктын «Doing  Business» рейтингинде биздин мамлекет дүйнөдөгү өлкөлөрдүн топ-20 кирди.
Салыктык башкарууну жакшыртуу, электр энергиясына кошулуу жана насыяга жеткиликтүү болууну жакшыртуу чөйрөлөрүндө жүргүзүлүп жаткан реформалар белгиленди. Мунун бары биздин ишкерлер үчүн эң маанилүү жана аярлуу чөйрө. Инвестициялык климаттын баасы боюнча кадырлуу эл аралык рейтингде эки жылдан бери прогрессти көрсөтүп келе жатабыз
», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, Өкмөт ишиндеги артыкчылыктардын бири бизнес чөйрө менен бирге аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат.
«Биз салык процедураларын фискалдаштыруу программаларын ишке ашыруу аркылуу ишкерлер менен фискалдык органдын ортосундагы байланышты болушунча азайтууну улантабыз», – деп белгиледи Премьер-министр.

Өз кезегинде бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит Кеңештин мүчөлөрүнө бизнес-акыйкатчы институту өз ишине киришип жатканы тууралуу маалымдады.

Премьер-министр белгилегендей, чет өлкөлүк жаранды ишкерлердин коргоочусу катары дайындоо аркылуу Өкмөт кыргыз экономикасына инвестиция салууну каалаган инвесторлорго ишеним берген белги кылат.

Тэги: глава правительства прямые иностранные инвестиции бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу