Бир күндө муниципалдык инспекция тарабынан шаардыктарга 702 миң 500 сом айып салынып, 55 протокол түзүлдү.
Шаардык муниципалитет айып пулдарды негизинен жарандар жана чарбалык субъектилер алганын билдирди.
Рейддин жүрүшүндө Октябрь району боюнча 225 миң сомго 15 протокол, Свердлов районунда 213,5 миң сомго 18 протокол, Биринчи Май районунда 66 миң сомго 6 протокол түзүлүп, Ленин району боюнча 16 протокол түзүлүп, 198 миң сом айып салынган.