Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушуна жаңы гүлбакча курат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, пландалган сумма 48 млн 515 миң 625 сомду түзөт.
Буга чейин “Бишкек башкы архитектура” Мурас-Ордо көчөсү, 19 дарегиндеги сейил бактын жалпы аянты 1,12 гектарды түзөрүн билдирген.