Сак болгула! Алдамчылар «баткендиктерге жардам беребиз» деген шылтоо менен эсеп ачышууда

26.09.2022, 11:09 Акчабар
Сак болгула! Алдамчылар «баткендиктерге жардам беребиз» деген шылтоо менен эсеп ачышууда

Айрымдар Баткен облусунун тургундарына жардам беребиз деген шылтоо менен банктан эсеп ачышууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон такташкандай, шылуундар өздөрүн волонтер, активист катары тааныштырып, акча чогултуу боюнча билдирүүлөрдү таратып жатат.

“Ошол эле учурда алар ар кандай банктык реквизиттерди көрсөтүшөт, посттордун бирине Баткен облусундагы соңку окуяларда жаракат алган жоокердин сүрөтүн илип коюшкан” — деп белгилейт ИИМ.

Акча каражаттарын которууга мүмкүн болгон атайын банктык эсептер расмий жарыяларда гана көрсөтүлөт.

Баткен облусунун аймагындагы соңку чек ара жаңжалынын натыйжасында 62 жаран каза болуп, 198и жарадар болгон, 430дан ашык турак жай, андан тышкары мектеп, бала бакчалар жана башка административдик имараттар бузулуп, талкаланып, 136 миң 770 жаран үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

Тэги: МВД КР Баткен вторжение Таджикистана мошенничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу