ЭВФ Кыргызстандын 2022-жылга карата ИДПнын болжолун жакшыртты

20.07.2022, 11:13 Акчабар
ЭВФ Кыргызстандын 2022-жылга карата ИДПнын болжолун жакшыртты

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Кыргызстандын 2022-жылга карата ИДПнын болжолун жакшыртты. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мурда ЭВФ Кыргызстандын экономикасы 5% төмөндөйт деп болжолдосо, азыр институт болжолду кайра карап чыкты. Эми 3,5% өсүүсү күтүлүүдө.

Ошол эле учурда Экономика министрлиги ушул жылдын аягына чейин экономикалык өсүштү 3,7% деңгээлинде күтүүдө.

“Учурда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу антикризистик план кабыл алынган. Биринчи жолу ага бюджеттен 126 миллиард сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлдү. Мындан тышкары, фискалдык саясат тармагында реформалар кабыл алынып, анын аркасында биз мамлекеттик кирешелерди көбөйтүп, бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтө алдык”, — деди Амангелдиев.

Ал ошондой эле инфляцияны ооздуктоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кошумчалады.

Белгиленгендей, 2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча ИДП 6,3%, инфляция 9,1% түздү.

Тэги: МВФ ВВП КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу