Жапаров тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет деп ишендирди

16.05.2023, 15:56 None
Жапаров тышкы карызды төлөп салууга кудуретибиз жетет деп ишендирди

Учурда тышкы карызды төлөп салууга биздин кудуретибиз жетет. Бирок, айта кетчү нерсе алынган тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75%дан 2%га чейинки кредиттер болуп саналат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал кошумчалагандай, ушул жылдын март айынын аягында мамлекеттин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү.

"Карызды алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, анда алган сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан, карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Биз тышкы карызды өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык", - деди Жапаров.

Президент 2004-жылдан 2022-жылга чейин тышкы карыз боюнча төлөмдөр 3,1 миллиард сомдон дээрлик 11 эсеге көбөйгөндүгүн мисал келтирди.

"2022-жылы 33,6 млрд сом карызды төлөдүк. Быйыл 48,6 млрд сом төлөйбүз. Алдыңкы 2024-жылга 64,7 млрд сом, 2025-жылга 75,1 млрд сом төлөө каралган", - деди ал.

Садыр Жапаров Кыргызстан эгемендүүлүк жылдарында алган карыздардын эң көп бөлүгүн учурда төлөп жатканын кошумчалады.

Анын атйымында карызды башкаруу стратегиясында мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 70%дан ашпоосу керек деп белгиленген. 

"Бизде, ИДПдан ашып түшкөн жылдар болгон. Маселен, 1999-жылы мамлекеттик карыз ИДПга карата 133%га көтөрүлүп кеткен. 2020-жылдын жыйынтыгы менен, мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга карата 68 пайызга жеткен. Азыркы учурда мамлекеттик карыздын деңгээли ИДПга салыштырмалуу 53%га төмөндөдү. Бул көрсөткүч карыздын деңгээлинин туруктуу экенин, мамлекетибиздин экономикасынын өсүү темпинин ылдам жогорулап жатканын көрсөтөт", - деп ишендирди Садыр Жапаров.

 

Тэги: новости Кыргызстана внешний долг деньги бюджет Садыр Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу