Мыйзамсыз сатууга багытталган күйүүчү-майлоочу майдын кампасы аныкталды

20.02.2024, 17:27 Акчабар
Мыйзамсыз сатууга багытталган күйүүчү-майлоочу майдын кампасы аныкталды

Салык кызматынын кызматкерлери рейддик салык контролунун жүрүшүндө уруксат берүүчү документтери жок күйүүчү майды сактоочу кампаны аныкташты. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. 

Тактап айтканда, Бишкек шаарындагы жеке автобазанын аймагында кампадан эсепке алынбаган 14 миң 930 литр күйүүчү-майлоочу материалдар табылган. Болжолдуу түрдө КММ мыйзамсыз сатуу үчүн сакталган.

Учурда мамлекеттик кирешеге конфискациялоо маселеси боюнча материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилет. 

Салык кызматы өлкөнүн аймагындагы нефтепродуктуларды мыйзамсыз сактоо жана сатууну аныктоо боюнча иштерди улантууда.

 

Тэги: мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май кампа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу