Октябрь айында мөмө-жемиштердин баасы 7,9%га кымбаттады

12.11.2021, 16:50 Акчабар
Октябрь айында мөмө-жемиштердин баасы 7,9%га кымбаттады

Ушул жылдын октябрь айында өткөн айга салыштырмалуу жалпысынан республика боюнча мөмө-жемиштердин баасы 7,9 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Баалардын эң жогорку индекси Чүй облусунда (32,6%га) байкалууда. Жалал-Абад облусунда мөмө-жемиштердин баасы 14% кымбаттады. 6,5%га - Баткен облусунда. Талас облусунда мөмө-жемиштер 2,6%га кымбаттады. Эң азы (1,7%га) Ысык-Көл облусунда катталды.

Ош жана Нарын облустарында тескерисинче мөмө-жемиштер 3,6% жана 0,1% га арзандады.

Бишкек жана Ош шаарларында да мөмө-жемиштер кымбаттады. Бишкекте – 6%га жана Ошто – 9%га.

Тэги: фрукты потребительские цены статистика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу