Чүйдөгү айылдын көчөсүн асфальттоого 3,5 млн сом бөлүндү

31.10.2022, 11:27 Акчабар
Чүйдөгү айылдын көчөсүн асфальттоого 3,5 млн сом бөлүндү

Каржы министрлиги “Чүй районунун Төмөнкү Норус айылындагы Бөкөнбаев көчөсүн асфальттоо” долбооруна “Дем берүүчү гранттар” боюнча акча бөлдү. Бул тууралуу тийиштүү мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун сметалык баасы 3 млн 500,6 миң сомду түздү. Анын ичинен жергиликтүү бюджеттин биргелешкен салымы 740 миң сом болсо, 2 млн 760 миң 600 сому дем берүүчү гранттар аркылуу чогулду. Көчөнүн узундугу 700 метр, жалпы узундугу 1,5 чакырымды түзөт.

“Бүгүнкү күндө мамлекеттик бюджеттен 828,2 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 740 миң сом каржыланып, жалпы суммасы 1 млн 568 миң 200 сомду түздү», - деп билдирди Каржы министрлиги.

Тэги: новости Кыргызстана Минфин строительство дороги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу