Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясынын балансына социалдык объектилер - маданият үйү жана стадион кабыл алынып, жалпы наркы 23 млн 728 миң сомду түздү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Прокурордук текшерүү Шопоков шаарынын мэриясы тарабынан мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо учурунда өкмөттүн "Объекттерди муниципалдык менчикке берүү жөнүндө" токтомун бузуу менен жогорудагы социалдык инфраструктура объектилери баланска кабыл алынбагандыгын аныктады.
Окуя боюнча тиешелүү тараптар жазага тартылат.