Кыргыз фондулук биржасынын экинчилик рыногунда “Кыргызнефтегаз” ишканасынын акциялары сатылды.
Жалпысынан алты операция ишке ашырылган. Натыйжада компаниянын 2 миң 352 акциясы сатылган. Сооданын жалпы суммасы 634,5 миң сомду түздү. Акциялар 270 сомдон 250 сомго чейинки баада сатылды.
Буга чейин “Кыргызнефтегаздын” акциялары менен бүтүмдөр 31-январда катталган. Анда баалуу кагаздардын баасы 250 сомду түзгөн.