Кыргызстан-Татарстан бизнес-форумуна Татарстандын президенти Рустам Минниханов, бир катар министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, ири жеке компаниялардын, анын ичинде “КАМАЗ” ЖАКнын өкүлдөрү келишти.
Бул Кыргызстан-Татарстан бизнес форуму биринчи жолу эмес. Ал бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда иштиктүү байланыштарды түзүү жана диалог куруу үчүн аянтча катары кызмат кылат.
Рустам Миниханов 2015-жылы Бишкекте өткөн биринчи форумга да келгенин белгилеп, бул жолу эки тарапка тең пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну баштоо үмүтүн билдирди.