Вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин айлыгына 38,5 млн сом бөлүндү

01.04.2020, 08:49 Акчабар
Вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлеринин айлыгына 38,5 млн сом бөлүндү

COVID-19 вирусуна каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн чегерилген каражаттардын бир бөлүгү инфекция катталган аймакта иштеп жаткан  медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөө үчүн жумшалат.  Бул чечимди Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясын жоюуга багытталган иш-чараларды каржылоо үчүн ачылган депозиттик эсептеги акча каражатын бөлүштүрүү комиссиясы кабыл алды. 

2020-жыл 31-март 14:30га карата эсепке 61 млн 239 миң 736 сом түштү. Анын 38 млн 559 миң 307сому өлкө аймагындагы вирус катталган жерде иштеп жаткан медицина кызматкерлерине  которулган.  

Эскерте кетсек, КР 2020-жылдын 28-мартындагы буйругуна ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн депозиттик эсеп ачылган. 

COVID-19 боюнча иш-чараларды максималдуу ачык-айкын каржылоо, ошондой эле акча каражаттарын сарамжалдуу жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйругунун негизинде жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү иретинде түшкөн акча каражаттарын, ошондой келип жаткан гуманитардык жардамды бөлүштүрүү боюнча комиссия түзүлгөн. 

Комиссиянын чечимдери жөнүндө коомчулукка туруктуу негизде маалымдалып турат.

 

 

Тэги: коронавирус Минздрав спецсчет финансы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу