Жаңы KKM моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды

11.01.2023, 11:03 Акчабар
Жаңы KKM моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды

Контролдук-кассалык машиналардын (ККМ) жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү эки айга узартылды жана ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул акчалай эсептешүүлөрдө ККМди колдонуу бөлүгүндө салык милдеттенмелерин аткарууда ишкерлерге көмөк көрсөтүү максатында, ошондой эле бизнес субъекттеринин көп сандаган кайрылууларын эске алуу менен жасалды.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2023-жылдын 1-мартына чейин ККМдин жаңы моделдерине өтүү мөөнөтү, ал эми 2023-жылдын 1-апрелине чейин товарларды идентификациялоо каражаттарынын коддору (товарларды маркалоо) жөнүндө маалыматтарды кассалык чектерде милдеттүү түрдө чагылдыруу мөөнөтү узартылды.

Мындан тышкары, базарларда, чакан базарларда, жарманкелерде жана көргөзмөлөрдө иш жүргүзгөн субъекттер 2023-жылдын 1-апрелине чейин ККМ колдонбостон иштей алышат (патенттин негизинде иш жүргүзүү шартында).

Ошондой эле ККМди колдонуудан бошотулган иштин түрлөрүнүн тизмеси кеңейтилди. Тизмеге төмөнкүдөй түрлөр киргизилди:

  • газета-журнал күркөлөрүндө газета жана журналдарды, ошондой эле алкоголдук продукцияларды жана тамеки буюмдарынан тышкары, башка товарларды сатуу;
  • кол арабаларды, алып чыгуучу текчелерди, күркө жана ларектерди пайдалануу менен гүл өстүрүү продукцияларын, айыл чарба продукцияларын, нан азыктарын, улуттук жана сергитүүчү суусундуктарды чекене сатуу;
  • цистерна/челектерден квас, сүт, муздатылган жана улуттук суусундуктарды чекене сатуу;
  • окуу жайларында жайгашкан ашканаларда жана буфеттерде көрсөтүлүүчү коомдук тамактануу кызматтары.

Тэги: новости Кыргызстана ГНС ККМ переход ккм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу