Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров республиканын тигүү тармагынын өнүгүшүнө “Вайлбериз” жана “Озон” сыяктуу тармактардын келиши олуттуу таасир тийгизгенин белгиледи. Бул тууралуу ал Кыргызстандын товардык бизнесинин дүйнөдөгү ири базарлардагы E-COMKG 2023 эл аралык форум-көргөзмөсүндө билдирди.
”2023-жылдын 4 айында эле “Вайлбериз” платформасы аркылуу экспорт 1,2 миллиард рублди түздү, ал эми 2022-жылы бүтүндөй 509 миллион рублди түзгөндөн, кеминде 4 эсеге өстү жана бул 4 айда гана. Жалпысынан Кыргызстанда 2021-жылы электрондук коммерция рыногунун кирешеси 490 миллион АКШ долларын түздү”, - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилеген дагы бир жагдай – өлкөгө маркетплейстин келиши менен аялдар арасында ишкердиктин өнүгүшү болду.
”Онлайн аянтчалар жана социалдык тармактар аркылуу өз продукциясын сатуу мүмкүнчүлүгү аларга көбүрөөк көз карандысыздык, үйдөн чыкпастан өз оюн билдирүү жана финансылык туруктуулукка жетишүү мүмкүнчүлүгүн берет”, - деди министрлер кабинетинин төрагасы.