«ЭкоИсламикБанктын» акциялары сатыкка чыкты

27.10.2021, 16:20 Акчабар
«ЭкоИсламикБанктын» акциялары сатыкка чыкты

Бүгүн, 27-октябрда Кыргыз фондулук биржасынын котировкалар бөлүмүндө “ЭкоИсламикБанк” ЖАКтын акциялары сатыкка чыкты.

Жарыяланган сунушка ылайык, акционер жабык акционердик коомдун 10 баалуу кагазын сатууну чечти. “ЭкоИсламикБанктын” бир акциясынын баасы кагазына миң сом деп белгиленген. Муну менен сунуш болгону 10 миң сомго бааланууда.

Кошумчалай кетсек, 23-октябрда түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана филиалдардын жетекчилеринин катышуусунда "ЭкоИсламикБанк" башкармалыгынын кеңейтилген отуруму өттү. Чогулгандарга ушул жылдын үч кварталынын жыйынтыгын башкармалыктын төрагасы Руслан Мусаев тааныштырды.

ЖАКтын финансылык отчетуна ылайык, сентябрдын аягында "ЭкоИсламикБанктынтын" таза кирешеси 15 миллион 495 миң сомду түздү. Ал эми бир жыл мурун ушул убакта банк Улуттук банктын талаптарына ылайык пайда алып келгенине карабастан, таза киреше 9 млн 127 миң сомду түзгөн.

Тэги: ЭкоИсламикБанк акции фондовый рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу