Насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн "2021-жылга республикалык бюджет жана 2022-2023-жылдарга божомол жөнүндө" мыйзам долбооруна 1 миллиард 253 миллион 216 миң сом каралган.
Учурда мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште каралууда.
"2020-жылы мамлекеттик колдоого республикалык бюджеттен каражат талап кылынбайт. Финансылык-кредиттик уюмдарга пайыздар/компенсациялар Улуттук банктан арыздар түшкөндөн кийин ай сайын төлөнүп берилет", - деп билдиришти Каржы министрлигинен.
Эске салсак, насыя алуучуларга көмөктөшүү максатында, коммерциялык банктар жана банктык эмес финансы-кредит мекемелер Улуттук банктын сунушу боюнча, насыяларды төлөө үчүн кийинкиге жылдыруу жолу менен түзүмүн өзгөртүп жатышат. Бирок, насыя алуучулардын көпчүлүгү иш-аракеттер толугу менен жандана электигинен улам, финансылык кыйынчылыктарды башынан кечиришүүдө. Буга байланыштуу насыя алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында өкмөттүн токтому кабыл алынды.
"Бул токтомго ылайык, финансы-кредиттик уюмдарга 2020-жылдын 1-октябрына чейин баштапкы насыянын суммасы 100 миң сомдон ашпаган насыя алуучуларды 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь-февраль айларында чегерилген пайыздарды төлөөдөн бошотуу сунушталды. Бул каражаттар мамлекет тарабынан каржы-кредит мекемелерине компенсацияланат ”, - деп түшүндүрүштү мекемеден.