Кыргыз-казак чек арасында беш млн сомдук мыйзамсыз жүк кармалды

15.11.2022, 14:40 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасында беш млн сомдук мыйзамсыз жүк кармалды

Чек ара кызматы кыргыз-казак “Чоң-Капка-автожол” көзөмөл-өткөрүү бекетинде аткезчилик жол менен өтүп жаткан товарды аныктады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Айдоочу Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан унаада колдонулган үй буюмдары бар экендигин айткан.  

“Чек ара кызматкерлери унааны текшерүү учурунда жүк ташуу документтери жок, колдонулган буюмдардын астына катылган эл керектөөчү товарларды табышкан. Айдоочу Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө 860 куту памперс, көлөмү 100 миллилитр жана 125 миллилитр болгон 200 коробка кара зире майы, 230 кутудан ашык кир самын алып кирүүгө аракет кылган”, — деп айтылат Чек ара кызматынын маалыматында. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, эсепке алынбаган жүктүн жалпы баасы 5 миллион сомго жакын.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу, жүк жана унаа кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

 

Тэги: новости Кыргызстана ввоз контрабанды

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу