Кыргызстанда 84 килограмм алтынды чыгарып кетүүгө бөгөт коюлду

19.04.2023, 12:13 Акчабар
Кыргызстанда 84 килограмм алтынды чыгарып кетүүгө бөгөт коюлду

Тиешелүү документтери жок 300 миллион сомдон ашык алтынды алып чыгуу фактысы токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрелде “Ак-Жол” товарларды чек арада каттоо пунктунда Чүй облусунун аймагындагы ири алтын казуучу компаниялардын бирине бара жаткан "JAC" үлгүсүндөгү унаа салмагы 84 кг жакын алтын менен кармалды. Унаанын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден товарларды алып келүүгө жана Кыргызстандын салык органдарында каттоодон өтүүгө тиешелүү документтери жок болгон.

Учурда республикалык бюджетке келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Тэги: новости Кыргызстана ГКНБ золото

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу