«Ысык-Көл» аэропорту Ташкенттен туристтик мезгилдин алгачкы учагын тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун сайтына жарыяланды.
Эл аралык авиамаршрутту Ташкенттен Ысык-Көл облусуна Uzbekistan Airways авиакомпаниясы аткарып, ал 40 жүргүнчүнү жеткирди.
Авиакомпания каттамды жумасына 1 жолу — жекшемби күнү жүргүзүүнү пландоодо.
Учуу убактысы - 1 саат 30 мүнөт.