Ысык-Көлдө пансионаттар менен конок үйлөрүнүн 87 пайызында тазалоочу жайлар жок

19.09.2022, 11:00 Акчабар
Ысык-Көлдө пансионаттар менен конок үйлөрүнүн 87 пайызында тазалоочу жайлар жок

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Ысык-Көл облусундагы тазалоочу жайларга аудит жүргүздү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында министр Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, мыйзамга ылайык, келерки жылы канализациясы жок пансионаттар менен конок үйлөрүнүн иштөөсүнө тыюу салынат.

“Ысык-Көл облусунда 880 курорттук-рекреациялык объект болсо, анын 200ү пансионаттар жана санаторийлер, конок үйлөрү – 680. Ошол эле учурда 114 мекемеде гана тазалоочу жайлар бар (87,04% тазалоочу жайлары жок). Негизинен тазалоочу жайлар чехиялык, литвалык жана кыргызстандыктар. Бир куб метр тазалоонун орточо баасы 1000 долларды түзөт, толук жабуу үчүн орточо эсеп менен 60 миллион доллар керектелет”, - деди Кутманова.

Ал ошондой эле АӨБ тарабынан Чолпон-Ата шаарында тазалоочу жайларды куруу боюнча 32,5 миллион долларлык долбоор ишке ашырылып жатканын, Тамчы айылындагы тазалоочу жайларды тазалоонун деңгээлине жараша 6,5 миллион доллардан 8 миллион долларга чейин бааланарын билдирди.

Бүгүнкү күндө саркынды сууларды тазалоочу жайларга гранттык каражаттарды тартуу иштери жүрүп жатат.

Тэги: Иссык-Куль Пансионаты гостевые дома очистные сооружения Динара Кутманова

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу