Евробиримдик Кыргызстандагы долбоорлорго 62 млн евро бөлөт

23.12.2021, 11:01 Акчабар
Евробиримдик Кыргызстандагы долбоорлорго 62 млн евро бөлөт

Европа Биримдиги (ЕБ) 2021-2027-жылдарга Кыргызстан менен кызматташуу боюнча жаңы көп жылдык индикативдик программаны кабыл алды. Бул программанын алгачкы төрт жылында ЕБ 62 млн евро өлчөмүндө гранттык каражат бөлөт.

Акча төмөнкү багыттар боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүгө жана жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүүгө багытталат:

Башкаруу жана санариптештирүү.
Адамдык өнүгүү.
Жашыл жана климаттык туруктуу экономика.

Башкаруу приоритети мыйзамдуулукту, ак ниет башкарууну жана санариптик трансформацияны илгерилетүүгө жана бекемдөөгө багытталган. Экинчиден, адамдык потенциалды өнүктүрүү - санариптик технологиялардын көндүмдөрдү, ЖМК жана жашыл технология менен иштешүүдөгү жөндөмдүүлүктү жакшыртуу, гендердик теңчиликти жана адам укуктарын илгерлетүү аркылуу билим алуунун инклюзивдик жана сапаттык системасын колдоого алат. Үчүнчүдөн, жашыл жана климатка туруктуу экономиканын приоритети суу ресурстарын эффективдүү жана комплекстүү башкарууну илгерилетүүнү жана жашыл бизнести өнүктүрүүнү стимулдаштырууну камтыйт.

“Европа Биримдиги өнүктүрүү боюнча негизги жана ишенимдүү өнөктөш катары Кыргызстан менен көп жылдык өнөктөштүгү бар. Бүгүн биз кызматташуубуздагы жаңы кадамды белгилеп, башкаруу, санариптештирүү, билим берүү жана эки тарапты кызыктырган башка чөйрөлөрдө узак мөөнөттүү колдоо көрсөтүүгө милдеттенебиз. Жаңы көп жылдык программа Евробиримдиктин кыргыз элине үзгүлтүксүз колдоосунун ынандырарлык далили болуп саналат”, - деди Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр.

Бюджеттик колдоо программаны ишке ашыруунун артыкчылыктуу режими болуп кала берет. 2025-2027-жылдарга көп жылдык индикативдик программаны каржылоо анын 2024-жылы аткарылышын кароодон кийин аныкталат.

Жаңы көп жылдык индикативдик программанын артыкчылыктары Кыргызстандын бийлиги жана Евробиримдикке мүчө мамлекеттер менен кеңешүүдөн кийин аныкталган. Мындан тышкары, негизги башка кызыкдар тараптар менен, атап айтканда жарандык коом уюмдары, жергиликтүү бийлик органдары, жеке сектордун өкүлдөрү, БУУ жана башка өнөктөштөр менен консультациялар өткөрүлдү.

Макулдашылган артыкчылыктар Европа Биримдигинин мүчө-мамлекеттери менен өнөктөштүктө Team Europe мамилесинин бир бөлүгү катары ишке ашырылат. Бул багыттар БУУнун 2030-жылга чейинки күн тартибине, Климат боюнча Париж келишимине жана ЕС Global Gateway стратегиясына да дал келет.

Тэги: ЕС грант Кыргызстан поддержка сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу