Евразия өнүктүрүү банкы (ЕӨБ) Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга 500 миң долларга чейин грант бөлөт. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов брифинг учурунда билдирди.
"ЕӨБ Бишкек шаарынын таштандыларды кайра иштетүүчү заводунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга тендер жарыялайт жана биз бул техникалык-экономикалык негиздемени чогуу кабыл алабыз. Бул ыкма мэрия акчаны кайда жумшады ж.б.у.с ашыкча суроолорду жок кылуу максатында тандалып алынган", - дейт Курманбек Молдокулов.
Мындан тышкары, банк таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу үчүн инвесторлорго жеңилдетилген насыя берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Ал кошумчалагандай, заводдун наркынын 20% инвесторлор тарабынан төлөнүшү керек, ал эми 80% ЕӨБдан жеңилдетилген насыя.
Эске салсак, ЕӨБ Бишкек шаарынын мэриясына, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн (МЖӨ) инструменттерин колдонуу аркылуу шаарды өнүктүрүүнүн "Бишкек-2026. Жакшы сакталган жана жашыл борбор" программасын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө ниеттенүүдө.
Курманбек Молдокулов белгилегендей, Бишкек банк менен МЖӨ өнүктүрүү боюнча документке кол койгон биринчи шаар.