2019-жылы капиталдык салымдарга республикалык бюджеттен 2 млрд 774 млн сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү Самат Бөрүбаев маалымат жыйында билдирди.
Анын ичинен:
- 222 объектинин курулушуна 1997.2 млн сом;
- 103 объектинин капиталдык ремонтуна 266.8 млн сом;
- 73 объектиге суу чыгарууга 500 млн сом;
- социалдык объектилерди долборлоого 10 млн сом бөлүнгөн.