Кыргыз фондулук биржасынын системасында 3-майда “ТНК Дастан” ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.
Аукциондун жыйынтыгында 426 даана акция 85,6 миң сомго сатылды. Акциянын баасы 201 сомду түздү.
"ТНК Дастан" ачык акционердик коомунун акцияларынан түшкөн киреше 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 5,38 эсеге көбөйгөнүн кошумчалайбыз.