Бүгүн Кыргыз фондулук биржасынын системасында "Ками Моторс" ачык акционердик коомунун баалуу кагаздары менен ири бүтүм катталды. Маалымат биржанын сайтында жайгаштырылган.
Аукциондун жыйынтыгында артыкчылыктуу акциялардын 720 нускасы 1 млн 195,2 миң сомго сатылды. Акциянын баасы 1 миң 660 сомду түздү.
Kыргыз фондулук биржасынын маалыматтарына ылайык, "Ками Моторс" компаниясынын 2000 гана артыкчылыктуу акциясы бар. Муну менен компаниянын артыкчылыктуу акцияларынын 36%ы фондулук биржада сатылды.