Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда "Азия Банкы" ЖАКтын социалдык облигациялары менен бир бүтүм катталды. Бул тууралуу KФБ сайтында маалымдалды.
Операциянын суммасы 2 миллион сомду түздү. Жалпысынан аукциондун жүрүшүндө 2 миң социалдык облигация бир нускасы миң сомдон сатылган.
Белгилеп кетсек, буга чейин "Азия Банкы" бир гана баалуу кагазды бир нусканын номиналдык наркына саткан.