Ушул жылдын аягында Кыргызстанда инфляция (декабрдан декабрга чейин) 10-12% диапазонунда болору күтүлүүдө. Мындай божомолду республиканын Улуттук банкы билдирди.
Жөнгө салуучу инфляциянын мурдагы болжолун кайра карап чыгып, аны 0,4-2,4%га жогорулаткан. Бул көбүнчө мамлекеттик башкаруудагы товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын жогорулашынын активдешүүсүнө байланыштуу.
"Бир катар коммуналдык кызматтарга тарифтердин көтөрүлүшү, ошондой эле Бишкектин коомдук транспортунда жол кире кымбатташы эске алынды", - деп белгилейт Улуттук банк.
Кошумчалай кетсек, быйыл Орто Азия чөлкөмүндө акыркы беш жылдагы орточо түшүмдүүлүккө ылайык салыштырмалуу жакшы түшүм күтүлөт.
"Мүмкүн бул азык-түлүк бааларынын өсүшүн ооздуктоого жардам берет", - деп түшүндүрдү жөнгө салуучу.
Кыргызстанда жалпысынан инфляциялык фон мамлекеттик органдардын жаңы тарифтерди кабыл алуусунун интенсивдүүлүгүнө, ошондой эле сомдун АКШ долларына карата курсунун динамикасына жараша түзүлөөрү көрсөтүлгөн.