Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү жайларында чектөөлөр уланууда

13.01.2022, 16:33 Акчабар
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү жайларында чектөөлөр уланууда

Бүгүн, 13-январдан тарта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайлары айрым өзгөртүүлөр менен иш алып барууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгынан билдиришти.

Алсак, “Ак-Тилек – авто жол”, “Чалдыбар- авто жол”, “Ак-Жол – авто жол” жана Талас районундагы “Чоң-Капка – авто жол” өткөрүү жайлары төмөнкүдөй чектөөлөр менен иш алып барууда:

  • Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандар жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу кире алышат;
  • Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары жогоруда көрсөтүлгөн көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу чыга алышат.

Оор жүк ташуучу унаалар COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен “Ак-Тилек-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз кирип чыга алышат

“Чалдыбар-авто жол” жана Талас облусундагы “Чоң-Капка-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу COVID-19га байланыштуу болгон чектөөлөрдү эске алуу менен Казакстандын аймагы аркылуу транзиттик каттаган оор жүк ташуучу транспорт каражаттары гана Кыргызстандан чыга алышат.

“Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Кыргызстандын аймагында жүргөн Казакстандын жарандары гана чыга алышат.

“Кең-Булун-авто жол” жана “Токмок-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайлары 7-январдан казак тараптын демилгеси менен жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон”- деп белгилеген Чек ара кызматынын маалыматында.

Тэги: госграница Кыргызстан Казахстан КПП

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу