“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында 130 оор жүк ташуучу унаа топтолду

12.01.2022, 09:02 Акчабар
“Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайында 130 оор жүк ташуучу унаа топтолду

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы кырдаал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Кечээ, 11-январда саат 22:00гө карата “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайына кире беришинде Кыргызстандан Казакстанды көздөй унаалардын тыгыны байкалган.

“Чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө 130 оор жүк ташуучу унаалар кезек күтүп турушат, анын ичинен: 10 оор жүк ташуучу унаа айыл чарба азыктары менен, 20 оор жүк ташуучу унаа контейнерлер менен, 100 бош (жүгү жок) оор жүк ташуучу унаа”,- деп билдиришти Чек ара кызматынан.

Аталган өткөрүү жайында оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу циклдик мүнөзгө ээ жана майрамдан кийинки жүк ташуулардын көбөйгөнүнө жана Казакстандын аймагында текшерүү комплексинен өтүүсүнө байланыштууболууда.

“Кыргыз тараптан оор жүк ташуучу унааларга чек ара көзөмөлүнөн өтүүгө эч кандай чектөөлөр жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы башка көзөмөл өткөрүү жайларында жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок”,- деп белгиленген маалыматта.

Тэги: КПП грузопоток

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу