Улуттук госпитал дары-дармек сатып алууга тендер жарыялады. Тиешелүү жарыя мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланды.
Тендердин баасы 120 миллион 835 миң 504 сомду түзөт. Бул каражатка Улуттук госпитал 166 түрдөгү дары-дармектерди алууну пландоодо.
Дары-дармекти жеткирүүгө кызыктар тараптар табыштаманы тапшырышы керек.