Банктар аралык валюта соодасы АКШ долларынын курсунун өсүшү менен аяктады

11.05.2022, 10:25 Акчабар
Банктар аралык валюта соодасы АКШ долларынын курсунун өсүшү менен аяктады

Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 3,7 миллион доллар сатып алышканын Улуттук банктан билдиришти.

Келишим түзүлгөн күнү эсептелген сумма 3,4 миллион долларды, ал эми келишим түзүлгөн күндөн башка күнгө эсептелген сумма 1,3 миллион долларды түздү.

Маалым болгондой, чет элдик валюта 82,01-82,5 сомго чейин сатылды. Ошентип, соода доллардын баасы 82,01 сом менен ачылса, сооданын жабылышына карата чет элдик валютанын баасы 82,5 сомго чейин көтөрүлдү. Өсүш - 0,6%.

Белгилей кетсек, буга чейин 30-апрелде банктар аралык аукциондор өтүп, анда 1 миллион 650 миң доллар сатылып алынган. Анда ачуу курсу 82 сом болсо, жабылуу курсу 81,8 сомду түзүп, 0,2% арзандады.

 

Тэги: Межбанковские торги Нацбанк банки КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу