Кыргызстан банктар аралык аукциондо ири суммадагы АКШ долларын сатып алды

13.06.2022, 09:46 Акчабар
Кыргызстан банктар аралык аукциондо ири суммадагы АКШ долларын сатып алды

Ушул жылдын 10-июнунда Кыргызстандын коммерциялык банктары банктар аралык валюта аукциондорунда 36 миллион 350 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымдалды.

Бүтүмдүн күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 23 миллион 100 миң долларды түздү, ал эми бүтүм жасалган күндөн башка датадагы эсептешүүлөр менен 13 миллион 250 миң доллар болду.

АКШ доллары 79,52 сомдун ачылыш курсу менен сатып алынса, жабылуу курсу 79,5 сомду түздү.

Бул 45 миллион 550 миң доллар сатылып алынган 2022-жылдын 4-мартынан берки эң ири америкалык валюта (ачуу курсу – 97,69 сом, жабуу курсу – 97,5 сом).

Буга чейин “Акчабар” регуляторго шилтеме жасап, 10-июнда Улуттук банк кайра валюта рыногуна тескери интервенция менен чыкканын билдирген. Бул жолу Улуттук банк 1 долларга 33,7 миллион долларды 79,5 сомдон сатып алды.

Тэги: доллар межбанковские валютные торги Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу