Кыргызстандын коммерциялык банктары 24-майда банктар аралык валюта аукциондорунда 10 миллион 650 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бүтүмдүн күнү эсептелген сумма 7 250 000 долларды, ал эми бүтүмдүн датасынан башка күндөгү эсептешүүлөр менен 3 450 000 долларды түздү.
Соодалардын ачылышы жана жабылышы доллардын баасы 79,5 сомдон болду. Америка валютасынын наркынын мындай көрсөткүчтөрү 23-майдан бери байкалууда.
Белгилеп кетсек, мындан бир жума мурун банктар аралык соодада доллар 80-79,5 сомдун чегинде сатылган.