Банктар аралык аукциондордо валюта дагы эле 79,5 сомдон сатып алынууда

25.05.2022, 09:47 Акчабар
Банктар аралык аукциондордо валюта дагы эле 79,5 сомдон сатып алынууда

Кыргызстандын коммерциялык банктары 24-майда банктар аралык валюта аукциондорунда 700 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Бүтүм жасалган күндөгү эсептешүүлөрдүн суммасы 600 000 АКШ долларын, ал эми бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 100 000 долларды түздү.

Соодалардын ачылышы жана жабылышы доллардын баасы 79,5 сомдон болду. Америка валютасынын ушундай эле көрсөткүчтөрү 23-майда болгон. Андагы аукциондо болгону 200 миң доллар сатып алышкан.

Белгилеп кетсек, мындан бир апта мурун банктар аралык соодада доллар 80-80,1 сомдун чегинде сатылган.

Тэги: доллар межбанковские валютные торги Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу