Кечээ, 28-ноябрда комбанктар банктар аралык валюта соодаларында 14,5 миллион доллар сатып алышты. Бул 25-ноябрь, жума күнкүгө караганда 101,4%га көп.
Алардын ичинен банктар 4,2 млн долларды бүтүм түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен, дагы 10,3 млн долларды бүтүм түзүлгөн күндөн айырмаланган эсептешүүлөр менен сатып алышкан.
Доллардын курсу да 0,06%га жогорулап, 84,45 сомду түздү.
Кошумчалай кетсек, өткөн аптада коммерциялык банктар банктар аралык аукциондордо 34,4 миллион доллар сатып алышкан. Анда доллардын орточо курсу 84,43 сом деңгээлинде болгон.