Банктар аралык соодада долларга суроо-талап азайды

24.05.2022, 11:51 Акчабар
Банктар аралык соодада долларга суроо-талап азайды

Дүйшөмбү, 23-майда, банктар аралык соодада 200 миң доллар сатылды. Мындай соода көлөмү акыркы жолу 9-мартта катталган.

Аукциондун жүрүшүндө америкалык валютанын баасы өзгөрбөй, 1 доллар 79,5 сомдон сатылды.

Бир күн мурун валюта аукциондорунда 21 миллион 550 миң доллар сатылса, анын 20 миллион 550 миң доллары Улуттук банктын тескери интервенциясы болгон.

Жума күнү америкалык валютанын курсу 1 доллар 80 сомдон төмөн болду. Улуттук банк сомдун долларга карата курсунун бекемдешин америкалык валютага суроо-талаптын төмөндөшү менен байланыштырат.

Тэги: Межбанковские торги курс валют

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу