Доллардын максималдуу артка кетиши банктар аралык соодада катталды

19.05.2022, 10:28 Акчабар
Доллардын максималдуу артка кетиши банктар аралык соодада катталды

Кыргызстандын коммерциялык банктары 18-майда банктар аралык валюта аукциондорунда 8 миллион 700 миң доллар сатып алышты. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Бүтүмдүн күнү эсептешүүлөрдүн суммасы 8,1 миллион долларды, ал эми бүтүм жасалган күндөн башка күндөгү эсептешүүлөр менен 600 миң долларды түздү.

Доллар 80-80,1 сомдун чегинде сатылды. Ошентип, соода 80 сомдук чет элдик валюта менен ачылса, жабылуу алдында доллардын баасы 80,1 сомго чейин көтөрүлдү. Өсүш 0,125%

Акыркы бир жылда АКШ валютасынын мындай артка чегинүүсү байкалган эмес. Буга чейин минимум 15-апрелде катталып, жабылуу курсу 80,2 сомду түзгөн.

Белгилей кетсек, 17-майда банктар аралык аукциондо банктар 500 миң доллар сатып алышкан. Ошентип, 18-майда долларга болгон суроо-талап дээрлик 18 эсеге (17,4 эсеге) өскөн. Мындай чектерде чет элдик валютаны сатып алуу акыркы жолу апрель айында болгон. 

Тэги: доллар межбанковские валютные торги Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу