Чүй облусуна бюджеттен 1,3 млрд сом бөлүндү

10.07.2024, 17:34 Акчабар
Чүй облусуна бюджеттен 1,3 млрд сом бөлүндү

2024-жылдын алты айында Чүй облусуна жалпы суммасы 1,3 млрд сомду түзгөн бюджеттер аралык трансферттер которулду. Анын ичинен 346,4 млн сому республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Трансферттерди бөлүштүрүүгө 130,3 млн сом суммасында теңдөөчү трансферт, ошондой эле айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө 52,6 млн сом жана 50% өлчөмүндө электр энергиясы үчүн компенсацияга 9 млн сом каралган.

Кошумчалай кетсек, Чүй облусунун айыл аймактарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына электр энергиясына кеткен чыгымдарды каржылоого 162,6 млн сом бөлүндү. 

Тэги: новости экономика Кыргызстана Чуйская область Минфин

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу