Январь-февраль айларында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 4 миллиард 129,2 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен маалым болду.
Анын 2 млрд 514,9 млн сому тышкы карыз боюнча, дагы 1 млрд 614,3 млн сом ички карыз боюнча төлөнгөн.
Белгилеп кетсек, февраль айында республика мамлекеттик карызды тейлөөгө 2 миллиард 117,4 миллион сом бөлгөн. Бул январь айына (2 млрд 11,8 млн сомго) салыштырмалуу 105,6 млн сомго көп.
Эске салсак, алдын ала маалыматтар боюнча, 31-январга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 миллиард 631 миллион долларды түзсө, анын 61 пайызы тышкы насыялар.